Песков: Путиндин ден соолугунда көйгөйлөр жок

Автор

Россиянын президенти Владимир Путиндин ден соолугу боюнча көйгөйлөрү жок. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Путин өкмөт менен өткөн жыйында сасык тумоо боюнча вакцинациялоо талкууланган учурда, Борбордук клиникалык ооруканада дайыма медициналык текшерүүдөн өтөрүн айтканы суроолорду пайда кылган.
Песков белгилегендей, Путиндин клиникага баруусу кадимки профилактикалык максатта өткөрүлүүчү текшерүүлөр.
Мурда Владимир Путин бир нече жолу вакцина алганын билдирген. Коронавирус пандемиясы учурунда ал эмдөөдөн өткөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Окуучуларга мектепте уюлдук телефон колдонууга чектөө коюлабы?

Узун жылдардан бери тартышылып келген окуучулардын мектепте уюлдук телефон колдонуусу Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлдү. “Азыр көпчүлүк жеке менчик мектептерде окуучуларга уюлдук телефон колдондурбайт. Сабакка келгенде алып, текчеге коюп коюшат, чыгаарда алып кетишет. Балким, мамлекеттик мектептерге да ушул эрежени киргизсек жакшы болот”,- деди Элдар Абакиров. Депутат Нурлан Азыгалиев мектептерде уюлдук телефондорду […]

Сизге жагышы мүмкүн