Песков: “Бул чечимдер биз үчүн өтө душмандык”

Автор

Армениянын парламенттик комиссиясынын Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) Рим статутун ратификациялоо долбоорун кабыл алуу чечими Россияга карата өтө душмандык.  Бул тууралуу  президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков пресс-конференция учурунда билдирди.
«Бул биз жактырган нерсе эмес.  Бирок Армения суверендүү мамлекет»,-деген Песков мындай чечимдер эки тараптуу мамилелерге терс таасирин тийгизбейт деген ишенимин билдирди.   Песков ошондой эле президент Владимир Путин жакынкы келечекте Арменияга иш сапарын пландабай турганын белгиледи.
28-сентябрда Эл аралык соттун Рим статутун ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору Армениянын мамлекеттик-укуктук маселелер боюнча парламенттик комиссиясы тарабынан кабыл алынып, парламенттин бекитүүсүнө жөнөтүлгөн.  Армения Рим статутуна 1999-жылы кол койгон, бирок аны ратификациялай элек.  Өлкө муну азыр Карабак кризисинен улам Азербайжанды жоопко тартуу үчүн жасаганы жатат.  Ереван ошондой эле Москвага Рим статуту боюнча атайын келишимге кол коюуну сунуштады.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын сейсмологиялык коопсуздугун камсыздоо талкууланды

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. Жолугушууда тараптар өлкөнүн сейсмологиялык коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулады. Министрлер кабинетинин төрагасы бир катар өлкөлөрдө жер титирөөлөрдүн катастрофалык кесепеттери техногендик процесстердин алдын алуу жана минималдаштыруу боюнча мамлекеттик чаралардын комплексин талап кылаарын белгиледи. “Биз үчүн эң башкысы жарандарыбыздын […]

Сизге жагышы мүмкүн