Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Батыш өлкөлөрү Дагестандагы окуяны эч кандай айыпташпаганын айтты.
«Президент Дагестанда жакындарын жоготкондордун баарына терең көңүл айтты. Бардык жабыркагандарга зарыл болгон жардам көрсөтүлүүдө. Президент кечээ да, бүгүн да күч түзүмдөрү жана Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз байланышта болуп, бардык зарыл тапшырмаларды берүүдө», -деди Песков.
Дмитрий Песков дос эмес өлкөлөрдөн айыптаган сөздөр, көңүл айтуу телеграммалары келбегенин билдирди.