Пентагон Украинанын F-16 учагы тууралуу комментарий берди

Автор

АКШнын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Сабрина Сингх маалымдагандай, Киев бул маселеге байланыштуу жардам сураган жок.
Сингх Киевдин канча F-16 учагы бар экендиги тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.
Буга чейин Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы батыш өлкөлөрү тарабынан берилген F-16 кырсыкка учураганын, учкучу набыт болгонун ырастады. Жогорку Раданын депутаты Марьяна Безуглаянын айтымында учак украиналык «Патриот» зениттик-ракеталык комплексинин ракетасы менен атып түшүрүлгөн.
Украина 100дөн ашык F-16 учактарын сураганын, эң мыкты учкучу кырсыкка учураганын АКШнын отставкадагы офицери Дэниел Дэвис билдирди. Украинада учкучтарды табуу кыйын экенин, АКШда учкучтарды үйрөтүү эки жыл убакыт аларын баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Скрипка ханзаадасы: Бишкекте Даниэль Лозаковичтин концерти өттү

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда дүйнөгө белгилүү болгон швециялык скрипкачы Даниэль Лозаковичтин концерти өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Лозакович атактуу композиторлор Моцарт менен Сибелиустун чыгармаларын КР эл артисти Рахатбек Осмоналиев жетектеген А.Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык-симфониялык оркестринин коштоосунда аткарды. Анда классикалык музыканын […]

Сизге жагышы мүмкүн