АКШнын Коргоо министрлиги алдыдагы күндөрү түштүк чек арада коопсуздукту камсыздоого жардам берүү үчүн 1,5 миң аскер жибере турганын маалымдады. Бул АКШ президенти Дональд Трамптын мыйзамсыз миграция менен күрөшүү боюнча буйруктарында камтылган пландын бир бөлүгү.
АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Роберт Салесестин айтымында Мексика менен чек арадагы аскерлердин саны өзгөрүшү мүмкүн. Аскерлер чек арага тосмолорду курууга жардам беришет. Андан тышкары, министрлик 5 миңден ашуун кармалган мигрантты депортациялоо үчүн учактарды камсыздайт.
АКШ менен Мексиканын чек арасынын узундугу болжол менен 3,2 миң чакырымды түзөт. Азыркы учурда ал жерде АКШнын Улуттук гвардиясынан 2,5 миң аскер кызмат өтөп жатат. 21-январдан тартып АКШнын түштүк чек арасына Дональд Трамп мыйзамсыз миграцияны токтотуу максатында киргизген өзгөчө абал режими күчүнө кирген.