Пентагондун башчысы Украинага 400 миллион долларлык жардам жарыялады

Автор

АКШ коргоо министри Ллойд Остин Киевге жасаган иш сапары учурунда, президент Зеленский менен жолугушууда Украинага 400 миллион доллар өлчөмүндөгү жаңы аскердик жардам бөлүнөрүн билдирди.
Бул пакетке HIMARS ракета тутумдары үчүн ок-дарылар, танкага каршы ракеталар жана комплекстери, M113 бронетранспортерлору кирет. Ошондой эле спутниктик байланыш каражаттары, ок атуучу куралдар жана ок-дарылар, гранаталар, жардыруу иштерине керектүү жабдуулар, инфраструктураны коргоочу жабдуулар, запастык бөлүктөр, кызматтар, окутуу жана транспорттук чыгымдар кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнө чемпионаты (U-23): Балбан Раззак Бейшекеев финалга чыкты

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев жаштар арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. 67 кг салмакта Раззак Бейшекеев алтын үчүн күрөштө грузиялык Диего Чхиквадзе менен кез келет. Финалдык беттештер бүгүн, 22-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. Белгилей кетсек, мелдеш Албаниянын Тирана шаарында өтүп жатат. Кечээ, […]

Сизге жагышы мүмкүн