Пенсия жашында каза болгондорго канча каражат төлөнүп берилээри бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жайынында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-окууда кароодо айтылды.
Анда пенсия жашында каза болгон жарандарга 10 базалык бөлүк менен каражат төлөнүп берилээри белгиленди. “Бул 31750 сом болот. Өлкөдө 760 миң пенсионер бар. Ал эми ар жыл сайын анын 20 миңи көз жумат”, – деди социалдык фонддун өкүлү Жуматаева Гүлнура.