Кыргызстанда 1-июлдан тарта пенсияны көтөрүүнүн биринчи этабы башталат. Бул тууралуу “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.
Өлкө башчысынын айтымында, буга чейин пенсияларды көтөрүү 2024-жылдын 1-октябрына белгиленген.
“Мен Социалдык фонддун жетекчилиги менен сүйлөштүм. Андан соң пенсияларды көтөрүүнү 2024-жылдын 1-июлунан баштоо чечими кабыл алынды. Минималдуу пенсиялык төлөм 6 миң 800 сомдон кем болбойт”, – деди ал.
Норвегия, Ирландия жана Испания Палестинанын көз карандысыздыгын тааныды
Шар Май 22 , 2024