Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган Пекин бардык тиешелүү өлкөлөрдү украин чатагына май чачып, Кытайды күнөөлөгөндү жана “бүгүн Украина, эртең Тайвань” сыяктуу билдирүүлөрдү жайылтууну токтотууга чакырды.
“Биз элдешүүгө көмөктөшүүнү жана сүйлөшүүлөрдү жеңилдетүүнү улантабыз. Украина кризисин саясий жактан чечүү үчүн кытайлык акылмандык менен бөлүшөбүз. Бул үчүн эл аралык коомчулук менен бирге иштешебиз, жалпы коопсуздукка жетишебиз”,-деди Цинь Ган.