Пекин көп өлкөлөрдү Россия менен Украина боюнча жардамга чакырды

Автор

Пекин көп өлкөлөрдү Россия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн шарттарды түзүүгө чакырды. Бул тууралуу Кытай өкмөтүнүн Евразия маселелери боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй шейшемби күнү өткөн басма сөз жыйынында айтылды.
“Биз көп өлкөлөрдү эки тарап ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн шарттарды түзүүдө жардам берүүгө чакырабыз”,-деди Украина кризиси боюнча атайын өкүл Ли Хуэй.
Пекин тынчтыкты калыбына келтирүүдө конструктивдүү ролду ойноого, тынчтыкты сүйгөн өлкөлөр менен чогуу кризисти саясий жол менен жөнгө салуунун жолдорун издөөгө даяр экенин белгиледи.
28-июлдан 7-августка чейин Ли Хуэй Бразилия, Түштүк Африка жана Индонезияга барган. Ал жактарда Украинанын кризисин жөнгө салуу маселелери боюнча расмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Азат Козубеков Улуттук банктын төрага орун басары болду

Азат Козубеков Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Козубеков Азат Айбекович Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп […]

Сизге жагышы мүмкүн