Пекиндеги орус-кытай сүйлөшүүлөрү 2,5 саатка созулду

Автор

Алгач мамлекет башчылары чектелген курамда сөз сүйлөп, андан соң жолугушуу делегациялардын катышуусунда уланды.
Жолугушууда Путин Си Цзиньпинге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди.
“Сапардын алкагында бир катар документтер, кызматташтыгыбыздын негизги аспектилерин камтыган мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү, мекемелер аралык макулдашуулардын пакети даярдалды. Бул документтердин бардыгы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө багытталган кадамдарды карайт”,-деди орус лидери.
Си Цзиньпин кесиптешин эки тараптуу мамилелерди мындан ары курууга жана бардык тармактарда жаңы пландарын иштеп чыгууга даяр экенине ишендирди.
«Урматтуу президент, бул сиздин жаңы президенттик мөөнөт башталгандан берки биринчи чет өлкөгө сапарыңыз, бул сиздин жеке өзүңүз жана орус өкмөтү кытай-орус мамилелерине көңүл буруп жатканынын ынандырарлык далили, биз муну жогору баалайбыз»,-деди.
Кайра шайлангандан кийин биринчи чет элдик сапарынын өлкөсү катары Россияны тандаганын эске салган Кытай Эл Республикасынын төрагасы эки өлкө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болуу менен стратегиялык өз ара аракеттенүүнү тереңдетип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтип, көп полярдуу дүйнөнүн жана экономикалык ааламдашуунун пайдасына тандоо жасашканын баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Жоламан Шаршенбековдун бардык атаандаштары белгилүү болду

Грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбековдун Олимпиада оюндарындагы бардык атаандаштарынын аттары белгилүү болду. Париждеги Олимпиадага 60 кг салмакта жолдомо алган балбандар: 1. Кыргызстан — Жоламан Шаршенбеков (дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022-2023-жыл) жана эки жолу күмүш байгенин ээси болгон (2018, 2021-жыл), Азиянын үч жолку чемпиону (2022,2023, 2024-жыл) жана эки жолу күмүш уткан (2018, […]

Сизге жагышы мүмкүн