Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху министрлер кабинетинин жыйынында өлкөнүн Ливанда сентябрь айында «Хезболла» уюмунун пейджерлери жана радиолорунун жардырылышына тиешеси бар экенин биринчи жолу мойнуна алды.
«Пейджерлер боюнча операция жана Насралланы жок кылуу коргоо мекемесинин жогорку даражалуу кызматкерлеринин жана саясий эшелондогу жооптуу адамдардын каршы аракеттерине карабастан жүргүзүлгөн»,-деди Нетаньяху. The Times of Israel басылмасынын маалыматы боюнча, ал жакында кызматтан алынган коргоо министри Йоав Галант тууралуу сөз кылган.
17-18-сентябрда Ливанда «Хезболла» мүчөлөрү колдонгон пейджерлер жана башка электрондук түзмөктөр жарылган. Анын натыйжасында 30дан ашык адам каза болуп, миңдеген адамдар жаракат алышкан. Израилдин президенти Ицхак Герцог өлкөсүнүн электроника жардырууга тиешеси жок экенин билдирген.