Пашинян: Өзүбүздү ЖККУдан тышкары эсептейбиз

Автор

Армения өзүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) мүчөсү катары эсептебейт жана өлкөнүн уюмга кайтып келиши мүмкүн эмес деп билдирди Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 4-декабрда парламентте сүйлөп жатып.
«Казакстанда ноябрда өткөн ЖККУ саммитинде кабыл алынган документтерге байланыштуу биз ЖККУдагы ишибизди токтотуп жатканыбызды билдиргенбиз. Бул деген, биз документтерди иштеп чыгууга, аларды талкуулоого катышпайбыз. Эч кандай сунуштарды киргизбейбиз жана вето укугубузду колдонбойбуз дегенди билдирет. Негизи, биз өзүбүздү ЖККУдан тышкары эсептейбиз»,-деди ал.
Пашиняндын айтымында Армения менен Россиянын ЖККУдагы кырдаалды түшүнүүдө ар башкача көз карашта болушу Армениянын уюмга кайтып келүүсүн оорлотуп гана тим болбостон, мүмкүн эместей кылат. «Менин оюмча, биз бул маселе боюнча кайтарылгыс чекке жеттик»,-деди Армениянын премьер-министри.
Россиянын президенти Владимир Путин ноябрда өткөн ЖККУ саммитинин жыйынтыгында Армения уюмдан чыга электигин, болгону тыным алганын айтып, өлкө кайра уюмдун толук кандуу ишине кайтып келиши мүмкүн экенин белгилеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттар мунапыс берүүнү суранышты

Абхазия менен Армениядан келген унаалар боюнча маселе парламент жыйынында кайрадан көтөрүлдү. Бүгүн, 5-декабрда депутат Дастан Бекешев өкмөттөн суранып, армения менен абхазиянын номери менен жүргөн унааларга мунапыс берүүнү сунуштады. “Мына, жакында 2025-жылдын бюджетин карайбыз. Ушул маселени ойлонуп көрбөйсүздөрбү? Балким, жаза төлөтөбүзбү? Ошондо деле бюджетке каражат түшкөн болот. Учурда МАИ унаа токтотуучу […]

Сизге жагышы мүмкүн