Пашинян Францияга сапар алды

Автор

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бейшемби күнү үч күндүк иш сапар менен Францияга жөнөп кетти. Ал жерде Франциянын лидери Эммануэль Макрон менен жолугушат жана Франкофония эл аралык уюмунун саммитине катышат.
Маалыматка ылайык, сапар 3-5-октябрь күндөрү болот.
Иш сапарынын алкагында Армениянын премьер-министри Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана премьер-министри Мишель Барнье менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Пашинян Франкофония эл аралык уюмунун кезектеги саммитине катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Лаззат Нургожоеванын жигити 3-декабрга чейин камакта калды

Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбековдун тергөө абагындагы мөөнөтүн 3-декабрга чейин узартты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май раоондук соту билдирди. Маалыматка ылайык, анын агасы Тариэл Сабырбековдун да абактагы мөөнөтү узартылган. Сабырбековдорго Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси […]

Сизге жагышы мүмкүн