Премьер-министр Никол Пашинян “Politico” гезитине берген маегинде Армения мындан ары Россияга коопсуздук кепили катары таяна албай турганын, анткени орус тарап бардык күчтөрүн Украинага топтоп жатканын билдирди.
“Украинадагы окуялардын натыйжасында Россиянын мүмкүнчүлүктөрү өзгөрдү”,-деген премьер-министр мүмкүн болушунча башкаларга болгон көз карандылыкты азайтууга аракет кылып жатышканын баса белгиледи. “Биз эгемен өлкөгө ээ болгубуз келет, бирок батыш менен чыгыштын, түндүк менен түштүктүн ортосундагы кагылышуулардын чордонунда болбоо үчүн жолдорубуз болушу керек»,-деди Армениянын премьер-министри.