Армения менен Азербайжандын лидерлери Никол Пашинян менен Илхам Алиевдин октябрдын аягында Брюсселде пландалган жолугушуусу болбой турганын Евробиримдиктин Түштүк Кавказ боюнча атайын өкүлү Тойво Клаар билдирди.
Буга чейин Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель, Франция менен Германиянын лидерлери Эммануэль Макрон жана Олаф Шольц Гранадада Армениянын премьер-министри Пашинян менен жолугушкан. Бул жыйынга Азербайжандын президенти Илхам Алиев катышкан эмес. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Мишель Пашинян менен Алиевди октябрдын аягында Брюсселде боло турган үч тараптуу жолугушууга чакыра турганын билдирген. Кийинчерээк Мишель Армения менен Азербайжандын лидерлери Брюсселге октябрдын аягында келүүнү макулдашканын билдирген.