Армениянын премьер-министри Никол Пашинян коронавируска кабылып, 23-24-декабрь күндөрү үйдөн иштегенин өзүнүн телеграм-каналында билдирген.
«Кесиптештерим менен кеңешкенден кийин Санкт-Петербургда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммитине катышпоону чечтим»,-деп билдирген ал.
Мындан тышкары, премьер-министр 26-декабрда өтө турган Евразия экономикалык жогорку кеңешинин жыйынына катышуу же катышпоо тууралуу чечимди күндүн аягына чейин кабыл ала турганын кошумчалаган.
Россиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин жаңы жыл алдындагы бейрасмий саммитин өткөрөт. Мамлекет башчынын жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, жолугушууда Россиянын КМШдагы төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылат. Төрагалык кийинки жылга Тажикстанга өткөрүлүп берилет. Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусу пландалган. Тараптар, атап айтканда, Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого даярдыкты талкуулашат. Ушаковдун айтымында, Москвадагы майрамдык иш-чараларга КМШга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери чакырылган.