Пашинян ЖККУну Армениянын коопсуздугуна жана суверенитетине коркунуч деп атады

Автор

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өз өлкөсүнүн ЖККУ менен болгон мамилелери «кайтып келгис чекке» жакындаганын билдирди. Анын айтымында, Ереван ЖККУга катышуусун токтотуп койгон. Анткени бул уюм республиканын эгемендүүлүгүнө коркунуч туудурган.
«Биз ЖККУдагы мүчөлүгүбүздү токтоттук, анткени ЖККУ Армениянын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыктан гана эмес, Армениянын коопсуздугуна, анын мындан ары жашап кетүүсүнө, эгемендүүлүгүнө жана мамлекеттүүлүгүнө коркунуч жаратууда»,-деди Никол Пашинян экинчи Дүйнөлүк армян саммитинде.
Премьер-министр Армениянын Россия жана ЕАЭБ менен экономикалык байланыштарын үзүүнү көздөбөй турганын, бирок, Европа Бирлиги менен соода жүгүртүүнү көбөйтөрүн белгиледи. Эгерде ЕБге кошулуу үчүн ылайыктуу учурду көрүшсө, аны өткөрүп жибербей турганын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Криштиану Роналдунун формасынын сыры эмнеде?

Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналдунун англиялык “Манчестер Юнайтед” клубундагы мурдагы командалашы Алекс Теллес футболчунун диетасы тууралуу айтып берди. Теллес Роналду табигый тамактарды көп жей турганын, ошондой эле түшкү тамактан кийин протеин жей турганын айтты. Ал португалиялык футболчу командалаштарынын тарелкаларын карап калганын, андан кийин оюнчулар таттуу жегенден коркушканын эске салды. Мурда криштиану […]

Сизге жагышы мүмкүн