Пашинян: Беларустун чыгышы же Лукашенконун кечирим сурашы менен гана Армения ЖККУда калат

Автор

Армения өзүнүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККК) мүчөлүгүн сактап калуу мүмкүндүгүн карап жатат. Бирок, бул Беларуссиянын андан чыгышы же президент Александр Лукашенконун 2020-жылы Карабахта болгон согуш тууралуу май айында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушуусунда айткан сөздөрүнө байланыштуу кечирим сураса гана болот. Бул тууралуу 13-июнь күнү түштө премьер-министр Никол Пашинян Армениянын улуттук жыйынында билдирди.
«ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн биринин жетекчиси Азербайжандын жеңишин каалаганын айтып жатат. Мындан кийин мен Беларус президенти менен ЖККУ форматында бир нерсени талкуулаш үчүн барамбы?»-деди Пашинян парламент жыйынында. Ал ошондой эле мындан ары «Армениянын расмий өкүлдөрүнүн бири дагы Лукашенко жетектегенге чейин Беларуссиягау барбайт»,-деп кошумчалады. Премьер-министрдин билдирүүсүнөн кийин Армениянын Тышкы иштер министрлиги Минскидеги өзүнүн элчисин чакыртып алды.
Беларусиянын Россиядагы элчилигинин кеңешчиси Александр Шпаковский Пашиняндын билдирүүлөрүнө тынч баа бергенин айтты. «Беларустун жана армян элинин көп кылымдык тарыхый байланышын уланта беребиз»,-деп жазды ал Телеграм каналында.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Ереван менен Пашиняндын ЖККУга болгон сындарына карабай иштеше берерин билдирди. «Биз алардын позициясын тактайбыз жана, албетте, кандай болсо дагы өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди сактайбыз деп үмүттөнөбүз»,-деди ал.
Пашиняндын курч билдирүүлөрүнө Беларустун президентинин 15-16-майда Азербайжанга жасаган иш сапары себеп болушу мүмкүн. Лукашенко Бакунун көзөмөлүнө өткөн Карабахка да барган.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Баалуулуктарыбызды сактайлы!

1. Үй-бүлѳнүн бактысы үчүн үч кабат үй эмес, сүйүү жана ынтымак баалуу; 2. Кызматта мансап эмес, кызмат ордуна татыктуу болуу жана акыйкаттуулук баалуу! 3. Достукта материалдык колдоодон- ишеним жана руханий жакындык баалуу; 4. Кошуналыкта – жылуу ымала жана жылуу чай баалуу; 5. Кийим кийүүдѳ кымбаттыгы эмес, жарашыктуулугу баалуу; 6. Билимде […]

Сизге жагышы мүмкүн