Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөсү ЖККУдан чыга турганын жарыялады. Ал Ереван качан чыгарын өзү чечерин белгилеп, ЖККУга кайтып келүү ниети жок экенин баса белгиледи. Пашинян мурдагы бийликти бул уюмга киргендиги үчүн айыптап, анын мүчөлөрү «Азербайжан менен бизге каршы согушту пландаштырган» деди.
Пашинян март айында эгерде өнөктөштөрдүн Армениянын эгемендүү аймагы боюнча позициясы өзгөрбөсө, ЖККУдан чыгууну карап көрөрүн айткан.