Пашинян Азербайжандын чек аралары боюнча декларацияга кол койду

Автор

Гранададагы Европалык саясий шериктештиктин саммитинде Евробиримдик, Германия жана Франция менен жолугушууда Пашинян декларацияга кол койду. Анда ал Азербайжандын аянтын 86,6 миң чарчы метр деп тааныды.  Ага Тоолуу Карабак кирет.  Декларациянын текстин Евробиримдиктин кеңеши таратты.
«Тараптар Армениянын (29 800 чарчы км) жана Азербайжандын (86 600 чарчы км) эгемендүүлүгүн, чек араларынын кол тийбестигин жана аймактык бүтүндүгүн өз ара таануунун негизинде Армения менен Азербайжандын ортосундагы мамилелерди нормалдаштырууга багытталган бардык күч-аракеттерди жакташат»,-деп айтылат документте.

Бөлүшүү:
Next Post

Жылдын мыкты мугалими аныкталды

Бишкек шаарында 2022-2023-окуу жылындагы «Мыкты мугалим», «Мыкты тарбиячы» жана «Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүчү мыкты мугалим» наамдарына талапкерлердин сынагынын республикалык этабы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Сынак жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземине, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркул […]

Сизге жагышы мүмкүн