Кыргыз саясатында биринчи жолу аткаруу бийлигинин бир өкүлү Кыргыз парламентин цирк деп атап, депутаттардын абийрин төктү. Европадан билим алып, иштеп, Европанын маданиятын көргөн Эдил Байсалов үчүн бул өтө оор ката. Кирди, чаңды жуусаң кетет, бирок, кыкеңдин билимдүү делген жигиттеринин мындай оройлугу алардын баатырдыгы эмес, тескерисинче, кемчилдиги.
Депутаттардын баарын эле жактыра бербейбиз. Аларды сыйлап, урматтаганга деле милдеткер эмеспиз. Бирок, эң аз добуш менен келди деген депутаттын 800 добушу бар. Ким болбосун, ошол 800 адамдын добушун, ишеничин, үмүтүн урматтоого милдеттүү. Бул Садыр Жапаровго да, Эдил Байсаловго да, көчө шыпырганга да, кой кайтарганга да, УКМКда иштегенге да таандык милдет. Айрыкча, үйүндө жаткан “диванный эксперттерге” да тийешелүү.
Эми, “баягыда, Эдичка парламентти сөккөн жылда” сыяктуу накыл кеп калбаса болду.
32 жылдан бери тытышып, түртүшүп арабаны жүргүзүп атабыз. Өнүгүү таптакыр эле жок десек болбойт. Жылыштар бар.
Ушундай жакшы иштердин арасында бийликтин кайсы бир бутагын сындырып, мамлекеттик түзүлүшкө доо кетирбеш керек.
Ким эмне десе десин, сонун парламентибиз бар. Мыйзамдар жазылып атат, чечимдер кабыл алынып, элдердин көйгөйлөрү угулууда. Буйруса, мындан да жакшы болот.
Парламенттин алдында ар түрдүү адамды көрөсүң. Таң атпай келип, кайра кечинде кеткендери да бар. Депутат жер бералбайт, кредит алып бералбайт же, кредитиңди төлөп бералбайт, ишке жайгаштыралбайт. Анын, андай милдеттери жок. Эң ириде ал инсан. Аныкы деле жетишпейт. Биз добушубузду берип алып, коколой берген адатты ташташыбыз керек. Алардын көпчүлүгү азыр иш ордуна кирип, чыккандан заарканып калышты.
Эми, таптакыр эле 90 депутатты актап, жактагандай болбоюн. Урушсаң, уруш, бирок, эшикке чыкканда бүткүл парламентти жерден алып, көргө салганың туура эмес. Жекелик деген нерсе бар. Ошо.
Манас Осмон журналист