Азыркы парламент өз милдеттерин аткара албай жатат. Жаштар люстрация маселесин алгач, ушул парламенттен башташы керек. Мындай пикирин саясат таануучу Табылды Акеров билдирди. Ал туунун тегерегиндеги талаш, тартышта депутаттар деңгээли төмөн жүйөөлөрдү келтиришкенин билдирген.
Өткөн жумада парламенттеги комитет жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу туунун өңүн сындап, “жол чырак кызыл күйгөндө токтойсуң, же, унааң кызыл күйсө, бензиниң түгөнөт. Андыктан, туунун өңүн көгүш кылбайлыбы”,- деген сунушун берген. Бул коомчулукта сынга кабылган.