Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов айрым аткаминерлерди мактап, кээ бирин кызматтан кетирүүнү сунуштады.
“Өкмөттүн үстүңкү катмарлары Бакыт Төрөбаев, Айбек Жунушалиев дегендерди жакшы койгонсуңар. Ылдый жактагылары бүт эле баткак болуп жатат. Ошолорду иргеп, элге кызмат кылганын койсоңор болот эле”,- деди.
“Мына Глобалдык Фонддон 29 млн доллар келсе, сиздин орун басарыңыз Эдил Байсалов кыз менен кызды – эркек менен эркекти үйлөндүрүш керек деп атат. Кыргыз улутунун салтына, идеологиясына, наркына жана динине эмнеге каршы иш жүргүзүп жатышат булар”,- деп Акылбек Жапаровдон сурады эле ал үй – бүлө кодекси кабыл алынып жатканын айтып кутулду.