Депутат Акбөкөн Таштанбеков министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго ыраазычылык билдирип, Ысык-Ата районунда кыргыз бийлиги демилгелеп, курулушу бүткөн объектилерди санап берди.
“Ивановка айыл өкмөтүндө көп жылдан бери курулушу токтоп турган мектеп бүттү. Ал эми Логвиненко айылында 2 мектеп бүттү, анын бири жаңы салынды. Тогуз-Булакта 1 мектеп бүттү. Боз-Бармак айылында мектеп бүтүп атат. Юриевка айыл өкмөтүндө бала бакча бүттү. Люксембург айыл өкмөтүндө ФАБ бүтүп, балдар бакчасынын курулушу башталып жатат. Ивановка, Люксембург жана Кең-Булуң айыл өкмөттөрүндө суу түтүкчөлөрү киргизилди. Аталган аймактардын элинен сизге, президентке рахмат. 25 жылдан бери мындай обьектилер курулуп, бүткөн эмес эле”,- деди депутат. Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районунун акими Алмаз Осмоновго өзгөчө ыраазычылык билдирип, жакшы иштеп жатат деп билдирди.