Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору 1-окууда каралууда
Учурда мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Улан Примов парламентин жалпы жыйынында баяндама жасап жатат.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлган.
Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.