Парламент тууну өзгөртүүнү колдоду

Автор

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда карап, кабыл алды.
Мыйзам долбоору дароо добуш берүүгө коюлуп, экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат колдоп, беш депутат каршы чыкты.
Парламент спикери Нурланбек Шакиев депутаттарды мамлекеттик туунун «оңдолушу» менен куттуктады.
Мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл «Кумтөр» бюджетке 25 млрд сом төлөдү

Үстүбуздөгү жылдын он бир айында “Кумтөр” 25 млрд 35 млн сом которду. Бул тууралуу маалымат жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Анын айтымында, салыктык чегерүү 11 млрд 853 млн сомду түздү. Дагы 15 млрд 109 млн сом Ысык-Көл жана Нарын облустарын өнүктүрүү фонддоруна, ошондой эле айлана-чөйрөнү булгагандыгы жана суу ресурстарын […]

Сизге жагышы мүмкүн