Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 5-декабрдагы жыйынында Равшанбек Сабировду эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоо боюнча президенттин сунушун колдоду.
Эске салсак, 4-декабрда өлкө башчынын Жарлыгы менен Сабиров министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Равшанбек Сабиров 2021-жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо «Ата Журт-Кыргызстан» саясий партиясынан VII чакырылышка депутат болгон.
Ага чейин 2021-жылдын февраль айынан 10-октябрына чейин президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген.
2020-жылы октябрь айынан 2021-жылдын февраль айына чейин вице-премьер-министр, 2011-жылы декабрь айынан 2012-жылдын сентябрь айына чейин Социалдык өнүгүү министри кызматын аркалаган.