Депутат Мирлан Самыйкожо мугалимдерге каршы укук бузууларга айып пулдун көлөмүн көбөйтүү демилгесин көтөрүп, “дагы бирөөсү келип, мугалимдин чачын жулуп кетет, же, шылдың кылат. Бул токтобойт, анда эмне кылабыз? Ошондуктан, өкмөт мыйзам долбоорун алып келсин”,- деди.
Укук бузуулар жөнүндөгү кодекс боюнча мугалимдин кадыр-баркына шек келтиргендерге 1000 сом айып пулду өздөрү чектегенин билдирип, эми анын суммасын көтөрүү керек экенин айтты.