Парламент Мадумаров боюнча  депутаттык комиссия түзгөн жок

Автор

Бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун кармалышынын жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлбөй калды.

Депутаттык комиссиянын түзүү жана курамын бекитүү боюнча добуш берүүдө катталган депутаттын 40ы “макул”, 11и “каршы” добуш берди. Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев комиссия түзүү үчүн 46 добуш керек экенин айтып, сунуш өтпөй калганын билдирди. Катталган депутаттардын саны 73 болчу.

Жыйынтыгында сунуш колдоо тапкан жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж - 2024: Олимпиадага орусиялык 108 спортчу бара алат

2024-жылы өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына 108 орусиялык спортчу катыша алат. Бул тууралуу Орусиянын спорт министри Олег Матыцин билдирди. Орусиянын спорт министри Олег Матыцин 2024-жылкы Олимпиадага катышууга уруксат бериле турган орусиялык спортчулардын санын жарыялады. Бирок Эл аралык олимпиада комитети орусиялыктарды кабыл алуу боюнча чечим кабыл ала элек. «Азырынча абал өзгөрө […]

Сизге жагышы мүмкүн