Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Жылдыз Полотованын талапкерлигин жактырды.
Комитет бүгүн, 10-июндагы жыйында Жылдыз Полотованын дайындалышын бир добуштан колдошту. Эми анын талапкердиги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.
Эске салсак, ал 2014-2018-жылдары Эмгек министринин орун басары болуп иштеген.
Дүй Июн 10 , 2024
Ирандын шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин тизмесин расмий түрдө бекитти. Тизмеге төмөндөгү алты саясатчы кирди. Махмуд Ахмадинежаддын тушунда Ички иштер министринин экс-башчысы Мостафа Пурмохаммади; Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешиндеги жогорку лидердин өкүлү Саид Жалили; Учурдагы парламенттин спикери Мохаммад Багер Галибаф; Тегеран шаарынын мэри Алиреза Закани; Ирандын саламаттыкты сактоо жана медициналык билим […]