Өлкөдө болуп жаткан окуялар боюнча парламент үн катпай, коомчулуктун сынына кабылууда. Айрым эксперттер парламент көз карандысыздыгын жоготуп баратат деген көз карашта. Буга далил катары соңку кезде активдүүлүгүн жоготкон депутаттардын абалы далил катары көрсөтүлүүдө. Жогорку Кеңештин тизгини кайсы сыйкырдуу күчтүн колуна өттү?
Коомдук турмушка таасирин тийгизген терс көрүнүштөргө учурда жалгыз гана Дастан Бекешев көз карашын билдирүүдө. Ал эми активдүү делген Айбек Осмонов, Жанар Акаев, Шайлообек Атазов, Марлен Маматалиев, Жеңишбек Токторбаев сыяктуу депутаттардын тизгинин тартып коюштубу?