Парламент аткаруучу президентти импичмент жолу менен кызматтан кетирди

Автор

Түштүк Кореянын парламенти премьер-министр Хан Док Сууга импичмент жарыялап, аны аткаруучу президенттик кызматынан кетирүү боюнча добуш берди. Импичментти колдоп 192 депутат бир добуштан чечим чыгарды. Бул – өлкө тарыхында парламент аткаруучу президентке импичмент жарыялаган алгачкы учур.
Оппозиция импичментти президент Юн Сок Ёль менен анын жубайы Ким Гон Хиге каршы тергөө иштерин баштоо боюнча мыйзам долбоорлорун кароодон баш тарткан өкмөттүн чечиминен улам демилгелеген.
Юн Сок Ёлга импичмент экинчи аракеттен кийин, 14-декабрда, бийликчил партиянын 12 мүчөсүнүн оппозиция тарапка өткөндүгүнүн натыйжасында жарыяланды. Эми бул чечимди Конституциялык сот бекитиши керек. Кызматтан четтетилген президентке козголоң жана мамлекетке чыккынчылык боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Иш анын оппозиция менен тирешүүсүнүн натыйжасында аскердик абал киргизүү менен байланыштуу.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда окуучулар кышкы каникулда эки жума эс алышат

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын кышкы каникулунун мөөнөтүн жарыялады. Маалыматка ылайык, 2024-2025-окуу жылынын окуу планына ылайык, мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 30-декабрда башталып, 2025-жылдын 12-январына чейин созулат. Балдар 13-январда мектепке бара баштайт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн