Парламент Алымкадыр Бейшеналиевге доо койду

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 3-апрелдеги жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди чыккынчы деп атап, аны “кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрү менен байланыш түзүп, алардын ок жеген, жараат алгандарын милицияга билдирбей көмүскөдө операция кылып жүргөн” деп билдирди.
“Ал мени сотко бериптир, мага демектен ГААГА сотуна берсин. Гиппократтын антын буза албайм, ким келсе, операция жасай берем дептир. Бирок мыйзам бар да. Бул кылмышкерлерди бекитип, үйүндө, жашыруун операция кылып жүргөн. Муну ал доллар алып жасап жүргөн”, – деди депутат.
Жусупбек Коргонбай уулу министр Алымкадыр Бейшеналиевди жана анын айланасындагыларды кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар экенин айтып, министрди коррупционер деп атады. Депутаттын маалымдашынча, министрдин жана жакындарынын мүлкү 2 млрд сомдон ашат. Мындан улам Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурорго кайрылып, Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүнө кеңири иликтөө жүргүзүүнү суранды.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура 2022-жылы Алымкадыр Бейшеналиевге чет элдик менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатып алганын мыйзамсыз деп таап, кылмыш ишин козгогон.
Ал тергөө иштерине байланыштуу ошол эле жылдын 19-августунда кызматтан кеткен. Кылмыш иштери токтотулгандан кийин 2023-жылдын сентябрь айында кайра министр болуп дайындалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Гиперүндүү дүрмөттүү ракета сыналды

Түндүк Кореянын армиясы 2-апрелде орто жана алыс аралыкка учуучу жаңы «Хвасонп хо-16Б» ракетасын ийгиликтүү сынады. Учурууну Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзү жетектеди. Сөз гиперүндүү дүрмөт башы бар ракета жөнүндө болуп жатат. Аскердик күчтөр ракетанын ылдамдыгы, бийиктигин, учуу траекториясынын өзгөчөлүктөрүн ырасташы керек болчу. Түзүм 72,3 чакырым бийиктикте 1 миң […]

Сизге жагышы мүмкүн