Парламенттик шайлоо июль айына дайындалды. Падыша жактырды

Автор

Улуу Британияда жалпы (парламенттик) шайлоо 4-июлда өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министр Риши Сунак Лондондогу Даунинг-стриттеги резиденциясынын кире беришинде билдирди.
“Бүгүн Улуу Даражалуу (Чарльз III) менен парламентти таратууну сурандым. Падыша бул өтүнүчтү канааттандырды. Жалпы шайлоо 4-июлда өтөт”,-деди Сунак.
“Улуу Британияда балдар үчүн жакшы келечекти түзүүдөгү өкмөттүн жетишкендиктери менен сыймыктанарын айтты. “Экономикалык туруктуулук ар кандай ийгиликтин негизи болуп саналат”,-деген Сунак өлкөнүн экономикасы дагы эле өсүп жатканын, инфляция нормалдуу деңгээлге келгенин кошумчалады. Премьер-министр татаал чечимдерди кабыл алууда өлкөгө чынчыл болгонун баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Министрлик Камбар-Aта-1 ГЭСи боюнча маалымат берди

“Камбар-Ата-1” ГЭСине кире турган жолдун узундугу 5,6 чакырым. Анын ичинен 2,8 км жолдун тротуарынын негизи даярдалып, бетон төшөлүп бүттү. 1388 метр тоннелдин бир тарабынан 64 метр, экинчи жагынан 5 метр казылды. Нарын дарыясынын агымын буруп, электр жарыгын тартуу үчүн дамба курулууда. Ошондой эле көпүрө, жумушчулар үчүн убактылуу лагерь куруу иштери […]

Сизге жагышы мүмкүн