Парламенттик шайлоодо президенттин партиясы жеңишке жетти

Автор

Азербайжандын «Ени Азербайжан» партиясы президент Илхам Алиевдин жетекчилиги астында өткөн парламенттик шайлоодо 125 орундун 68ин утуп алды. Шайлоого катышуу 37 пайызды түздү, 2 миллион 196 миң 771 адам добуш берди. Өлкөдө 1-сентябрда башталган, жалпысынан 990 талапкер катышкан шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү. Себеби 2024-жылдын ноябрына белгиленген парламенттик шайлоонун күнү Бакудагы климаттык конференция менен дал келүүсү болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектеги мектепте бомба изделүүдө. Окуучулар эвакуацияланды

Борбор калаанын Ленин районундагы №13 мектепте укук коргоо жана атайын кызматтын кызматкерлери жардыргыч затты издеп жатышат. Бул тууралуу Ленин РИИБнин маалымат кызматы тастыктады. Ага ылайык, мектепке жардыруучу зат коюлган делген билдирүү бүгүн, 3-сентябрда келип түшкөн. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Учурда тиешелүү […]

Сизге жагышы мүмкүн