Парламенттик шайлоого мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 16-23-октябрда өтөт

Автор

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнү жашаган жеринде болбой турган жарандар үчүн 16-23-октябрь күндөрү мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүүнү бекитти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдады. Ал күндөрү шайлоо участокторунда добуш берүү жумуш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дем алыш күндөрү саат 11:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.
Өзбекстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана башка өкүлчүлүктөрүндө түзүлгөн шайлоо участокторунда мөөнөтүнөн мурда добуш берүү ошол өлкөлөрдүн убактысы боюнча саат 9:00дөн 18:00гө чейин өтөт.
Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасына жана жергиликтүү бийлик органдарына кезектеги шайлоо 27-октябрда өтөт. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Мыйзам чыгаруу палатасынын 150 депутаты, Каракалпакстандын Жогорку Кеңешинин 65 депутаты, ошондой эле облустук, Ташкенттик жана 208 райондук (шаардык) кеңештердин депутаттары шайланат.
Парламенттик шайлоо биринчи жолу аралаш шайлоо системасы боюнча – мажоритардык-пропорционалдык система менен өткөрүлөт.
Бардык деңгээлдеги депутаттыкка талапкерлер катары 29 350 адам көрсөтүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Ырысбек Атажанов: "Экөө коррупциялык схема түзүп алышкан"

“Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасында эки кардинал бар деп жатышат. Булар “Кыргыз Көмүрдүн” орун басары Сүйүн Мамашов жана Ош филиалынын директору Муктар Жолдошев экен. Сүлүктү шаарында 30 дан ашык көмүр кен бар бар дешүүдө. Бул экөө коррупциялык схема түзүп, болгону 7 эле фирма Өзбекстанга экспорт кылат экен. Ал эми бул жигиттер […]

Сизге жагышы мүмкүн