Парламенттик жана президенттик шайлоо 14-майга белгиленди

Автор

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңеши өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдогандын парламенттик жана президенттик шайлоону 14-майга белгилөө боюнча мурда кабыл алган чечимин жактырды.
Тиешелүү чечим бир добуштан кабыл алынды.
Зарыл болсо экинчи тур 28-майда өткөрүлөт.
2014-жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан Эрдоган Республикалык альянстын бирдиктүү талапкери катары кайрадан шайлоого катышууну көздөп жатканын кошумчалайбыз. Анын атаандашы оппозициядагы “Элдик альянстын” бирдиктүү талапкери, Республикалык элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглу болмокчу.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкектин бир катар жеринде жарык өчөт

Бүгүн, 11-мартта, Бишкектин айрым жерлеринде электр энергиясы өчөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан кабарлашты. Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар: 9:00-17:00 — 8-кичи райондо (№ 19 үй), Литовский, Кийизбаева, Менделеев, Малдыбаев, Набережный, Кремлевский, Тыныстанов, Ахунбаев, Турусбеков, Абдумомунов, Пушкин, Табышалиев, Рыскулов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Манас (эски аэропорт) проспектисинде, Таймырский жана Карск […]

Сизге жагышы мүмкүн