Парламентте “Мекеним Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү отурушат

Автор

“Раимбек Матраимовдун мафиясы” делген уюшмага мүчө болгон айрым мамкызматкерлер кызмат ордунан кол жууп жатышат. Мындай аракет айрыкча, Түштүк аймагында катуу ишке ашып жатканы айтылууда. Бирок, Жогорку Кеңештеги “Раимчилер” боюнча азырынча чечим кабыл алына элек. Учурда мурдагы “Мекеним Кыргызстан” партиясынын көпчүлүк мүчөлөрү депутат болуп отурганын эске алганда Жогорку Кеңешти тазалоо кыйын экени коомчулукта айтылып келет. Өткөн жумада депутат Акылбек Түмөнбаевди УКМК төрагасы кримтөбөлдүн жаназасына барганын сындап, аны эл шайлаган үчүн кетирип салуу кыйын деп билдирген. Бул көрүнүш парламенттеги “Раимчилерге” дем берди дешүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Кардан улам аэропорттордо каттамдар кармалды

Синоптиктердин маалыматына караганда  айлык норманын 20 пайызы түшүп, 1-декабрга карата кардын бийиктиги февраль айындагы көрсөткүчкө жакындайт.  Аба ырайына байланыштуу Москванын аэропортторунда ондогон каттамдар кармалып турат.  Бир нечеси толугу менен жокко чыгарылды.  Жолдордо абал оор.  Айдоочуларга коммуналдык кызматтарга тоскоолдук жаратпоо жана тыгын болтурбоо   үчүн коомдук транспортко өтүү сунушталды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн