Парламенттин ичинде ар түрдүү аңыз кептер айтылып, кээ бир депутаттардын мандат маселеси тар чөйрөдө козголуп жатканы, мындан улам көпчүлүгү дүрбөлөңгө түшкөнү маалымдалууда.
Райымбек Матраимовго тийешеси бар делген депутаттардын тизмеси азырынча белгисиз. Ал эми 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого аттанган Бактыбек Сыдыков, Гүлшаркан Култаева, Гүлкан Молдобекова, Марлен Маматалиев, Алишер Эрбаев, Алишер Козуев жана Шайлообек Атазов сыяктуу эл өкүлдөрүнүн абалы жакында коомдун талкуусуна чыгаары соцтармактарда айтылып жатат.