Жогорку Кеңештин 30-майдагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде Курултайчылар менен депутаттар ортосунда чыр чыкты. Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, “өлкөдө кандайдыр бир кырдаал жаралып калса, Курултай жыйналып, чечимдерди кабыл алып берет, мындай абал бизде жаралган”,- деди эле депутаттар ызылдап кетишти.
Депутат Мейкинбек Абдалиев “силердин нийетиңер белгилүү болду. Силер төңкөрүш болуп кетсе деп даярданып жүргөн турбайсыңарбы”,- деди.
Депутат Нурбек Сыдыгалиев болсо, “эмне чечим кабыл алып бересиңер”,-деп чычалап кетти. Курултайчылар “октябрда депутаттар качып кетишпеди беле”,- деп жооп беришкенден кийин депутаттар Курултайчыларды жыйындан чыгып кетишсин дешти.