Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жусупов мандатынан ажырады. Бүгүн, 22-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы анын берген арызын карап, канаттандыраары маалымдалды.
Эмил Жусупов “Ишеним” партиясынан депутат болгон. Өлкөдөгү ири курулуштардын катарын толуктаган “Эмакомду” негиздеген. Акыркы жылдары анын компаниясынан алданып калгандар укук коргоо органдарына кайрылып, жоопко тартууну суранып келишкен.