Кечээ парламент билим берүү министри болуп бараткан Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин карады. Анда бир топ талаш – тартыштуу суроо жооптор орун алып, жаңы министрдин өтмүшү жана саясий көз карашы талкууланды. Сессиянын жүрүшүндө кычыган депутат Балбак Түлөбаев менен төмөндөгүдөй кызыктуу диалог да орун алды.
Министр Каныбек Иманалиев:
“Балбак Зарлыкович кыргыздын чыгаан уулдарынын бири. Азыр бир нерсе айтсам, ал катуу сынып калат.
Төрага Нурланбек Шакиев:
“Коюң, айтпаң, саясатташтырбай суроолорго жооп бериң”
Министр Каныбек Иманалиев:
“Айтайынбы?
Анда күбөлөрдү чакырып туруп, спикердин бөлмөсүндө айтам”!