Мадриддик “Реалдын” жана Франция курама командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катыша албасын билдирди. Бул анын жаңы клубунун позициясына байланыштуу экенин белгиледи.
“Менин клубум бул маселеде катуу позицияда: мен Олимпиада оюндарына катышпайм. Мен жаңы клубга өткөнүмдү түшүнүшүң керек. Баары жакшы, алар алтын медалга ээ болот деп ишенем”, – деп Мбаппенин сөзүн чет элдик басылмалар жазышууда.
Эске сала кетсек, мадриддик “Реал” буга чейин бир нече жолу өз оюнчуларын оюндарга катышуу үчүн олимпиадалык командаларга чыгарбай турганын билдирген.
Эскерте кетсек, Парижде жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, ал эми Паралимпиада оюндары 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.