Париж-24: Бүгүн Олимпиада мелдештери башталат

Автор

Бүгүн, 24-июлда Париж олимпиадасындагы оюндардын айрым түрлөрү боюнча мелдештер башталат. Алгач, кыз-келиндер арасында синхрондук трамплинден (үч метр бийиктиктен) секирүү боюнча түрү XXXIII жайкы олимпиаданын мелдеш «эшигин» ачат.
Олимпиаданын ачылыш аземи 26-июлда өтөт. Ошол күнү спорттун секирүү боюнча финалдык фазасы болуп, алгачкы алтын медаль ээсин табат.
Ушул эле күнү (10 метр аралыктан) пневматикалык мылтыктан атуу боюнча мелдеш да башталат.
Футбол боюнча тайпалык тирештер да ушул күнү башталып, алгач Испаниянын жылдыздары менен биринчи ириет жолдомолуу болгон Өзбекстандын курамасы беттешет. (Мурдагы поссоветтик өлкөлөрдүн ичинен алганда олимпиадалык жолдомого экөө ээ болушкан. Экинчиси Украина курамасы)
Ушул эле күнү олимпиадалык башка талаада Аргентина-Марокко курамалары тирешет. Жалпысынан бул күнү футбол боюнча төрт матч өтөт.
Белгилей кетсек, Париждеги Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине эки күн калды. 26-июлда иш-чара Сена дарыясында өтөт. Ага үч миңден ашык актер, музыкант жана бийчилер катышат. Бул ирет 200дөн ашык өлкөнүн спортчулары параддан Сена дарыясы аркылуу 180 кайык менен сүзүп өтүшөт. Коомдук коопсуздукту 45 миңдей укук коргоо кызматкерлери камсыз кылары пландалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Парижде ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндары ачылат

Бүгүн, 26-июлда Парижде ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. Биринчи жолу Олимпиаданын ачылышы өзгөчөлөнүү менен кургакта эмес, суу үстүндө болот. Ага үч миңден ашык актер, музыкант жана бийчилер катышат. Салттуу параддын катышуучу-спортчулары дарыя аркылуу 180 кеме жана катер менен Аустерлиц көпүрөсүнөн Эйфель мунарасынын жанындагы Йенск көпүрөсүнө чейин сүзүп […]

Сизге жагышы мүмкүн