Париж-2024: Үзүр Жусупбеков Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Автор

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Үзүр Жусупбеков Түркияда өтүп жаткан Дүйнөлүк лицензиялык турнирде Париж Олимпиадасына жолдомо утуп алды
Кыргызстандык балбан 97 кг чейинки салмак чен бирдигинде 1/16 баскычынан баштады. Алгачкы беттешинде болгариялык балбанды жеңип, кийин финляндиялыкка утулуп калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттеш өткөргөнгө мүмкүнчүлүк алган. Анда биринчи беттешинде хорватиялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийин япониялык балбанды 8:0 эсебинде артта калтырды.
Ал эми Олимпиадага жолдомо үчүн беттеште немис балбанын жеңип, аны менен бирге Кыргызстандын куржунуна 10 (онунчу) лицензияны кошту.
Эскерте кетсек, буга чейин ата мекендик спортчулар Олимп оюндарына 9 жолдомо уткан. Анын ичинен спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча 8 лицензия бар болчу.

Бөлүшүү:
Next Post

Жумуртканы импорттоого убактылуу тыюу салынабы?

Кыргызстанда тооктун жумурткасын импорттоого убактылуу — алты айга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, токтом долбоорунун максаты, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүккө рыноктук бааны турукташтыруу болуп саналат. […]

Сизге жагышы мүмкүн