Париж-2024: Украина Олимпиададан баш тартышы мүмкүн

Автор

Эл аралык Олимпиада комитетинин орусиялык спортчулардын Париждеги Олимпиада оюндарына катышуусуна уруксат берүү чечими Украинада катуу реакция жаратты. Киев өкүлдөрү Олимпиадага бойкот жарыялоо мүмкүндүгүн айта башташты.
Олимпиада комитети орусиялык спортчуларга оюндарга бир катар чектөөлөр менен бейтарап статуста гана катышууга уруксат берген. Бирок бул чечим да украин тарапка туура келген жок.
Украинанын жаштар жана спорт министринин милдетин аткаруучу Матвей Бедный Украина оюндарга катышуудан баш тартышы мүмкүн экенин билдирди. “Албетте, биз Парижге барып, өз позициябызды илгерилетишибиз керек. Бирок орусиялык спортчуларга карата саясат конструктивдүү эмес экенин көрсөк, анда биздин Олимпиадага катышуубуз мүмкүн болбой калат”, – деп айткан Бедный.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келген Түрк мамлекеттеринин уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында Астана шаарында өткөн Уюмдун 10-саммитинин жыйынтыгын, мамлекет башчылары кабыл алган чечимдердин аткарылышын, ошондой эле Уюмдун 2024-жылга карата пландарын талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-мамлекеттердин […]

Сизге жагышы мүмкүн