Париж -2024: Суучул Денис Петрашов жарым финалга чыкты

Автор

Париж -2024: Суучул Денис Петрашов жарым финалга чыкты
Бүгүн, 30-июлда Парижде өтүп жаткан Олимпиадада кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов 200 метрге брасс менен сүзүүдө жарым финалга чыкты.
Мелдешке жалпысынан 25 спортчу катышты. Бардык алдын ала жарыштардын жыйынтыгы боюнча эң мыкты 16 спортчу жарым финалга жолдомо алышты. Петрашов 2 мүнөт 10,99 секунд жыйынтыгы менен 16-орунду ээлеп, 1/2 финалга чыкты.
Жарым финал 31-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 02:00до болот. Финалга 8 мыкты спортчу өтөт.
Эскерте кетсек, Денис Петрашов Париждеги оюндардын алкагында экинчи ирет жарышка чыгууда. Ал 27-июлда 100 метр аралыктагы жарышка катышып, 23-орунду ээлеп калган.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Денис Петрашов жарым финалда 14 - орунга чыкты

Бүгүн, 31-июлда кыргызстандык суучул Денис Петрашов Олимп оюндарынын 200 метрге брасс ыкмасында сүзүү жарышында финалга чыкпай калды. Ал 200 метрди 2 мүнөт 10,19 секундада сүзүп өтүп, сегиз адамдан турган өз тайпасында жетинчи орунду ээледи. Ал эми жалпы тизмеде 14-сапка жайгашты. Жалпысынан бул аралыкка 16 суучул катышып, эки топко бөлүнүп жарышты. […]

Сизге жагышы мүмкүн