Париж -2024: Сардана Трофимовага 500 миң сомдук сертификат жана унаа тапшырылды

Автор

Бүгүн, 20-августта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Париж шаарында өткөн Олимпиада оюндарынынын катышуучусу, жеңил атлетика боюнча спортчу Сардана Трофимовага 500 миң сомдук сертификат жана “Chevrolet Tracker” автоунаасынын ачкычын тапшырды.
Ведомстводон маалымдашкандай, Алтынбек Максутов өлкө жетекчилигин жана жеке өзүнүн атынан Сардана Трофимовага терең ыраазычылык билдирип, спортчунун көрсөткөн ийгиликтери менен жетишкендиктеринин аркасында кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылып жатканын, бул жолку Олимп оюндары эң ийгиликтүү жана жемиштүү болгонун айтты. Ошондой эле Олимп оюндарына катышкан бардык спортчуларга баалуу белектерди тапшырууну демилгелеген президент Садыр Жапаров экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде Сардана Трофимова колдоо көрсөткөн өлкө жетекчилигине жана министрге ыраазычылык билдирип, алынган белектер мындан ары дагы бийктиктерди багындырганга шык берерин айтты.
Мындан сырткары, иш-чарага катышкан Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов өлкө жетекчилигинин көрсөткөн колдоосуна ыразычылык билдирип, азыркы учурда республикада спортту өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн айтты.

Эске салсак, 13-август күнү ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучуларын жана байге ээлерин сыйлоо аземи болуп өткөн. Сардана Трофимова иш-чарага жүйөлүү себептер менен катыша албай калгандыгына байланыштуу сыйлыктар бүгүн тапшырылды.

Бөлүшүү:
Next Post

470 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Жайыл районундагы мурда “Буудай” ААКга тиешелүү болгон 31,5 га жер тилкеси төмөндөтүлгөн нарк боюнча чыгарылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. Маалыматка ылайык, 2007-жылы мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, акционердик коомдун жооптуу кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп, мамлекеттин менчигинде […]

Сизге жагышы мүмкүн