Париж -2024: Олимпиада оюндары салтанаттуу түрдө ачылды

Автор

Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндары салтанаттуу түрдө ачылды. Ачылыш аземи адаттагыдан тышкары стадиондо эмес, Сена дарыясы аркылуу чыгыштан батышты көздөй параддан кеме жана кайыктар менен 10 миң 500 спортчу сүзүп өтүштү.
Салтка айлангандай катышуучулардын жүрүшүн Греция баштап берди. Спортчулар менен Франциянын президенти Эмманюэль Макрон, Эл аралык олимпиадалык комитеттин башчысы Томас Бах саламдашты.
Парадды Олимпиаданын кожоюну Франциянын курама командасы жыйынтыктап берет. Ал эми калган мамлекеттер алфавиттик тартипте кезек менен чыгышууда. Кыргызстандын спортчулары 98-болуп парадга чыгып, мамлекеттик тууну дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп өтөт.
Салтанатка жээктен 500 миңдей адам, дүйнөнүн ар тарабынан миллиондогон телекөрүүчүлөр назар салышты.
Белгилей кетсек, 26-июлдан 11-августка чейин созула турган Олимпиада оюндарында 200дөн ашык өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу күч сынашат. Париж-2024 мелдешинин программасына спорттун 45 түрү киргизилген. Анда 329 медалдардын топтому ойнотулат.
Кыргызстандын атынан Олимпиадага 16 спортчу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге чыгышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Президент Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын расмий ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров Париж шаарында XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысын жана Биринчи айым Айгүл Жапарованы Елисей сарайында Франциянын Президенти Эмманюэль Макрон менен Биринчи айым Брижит Макрон тосуп алды. Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Сена дарыясында өттү. Париждин белгилүү жерлеринин жанынан 85 өлкөнүн делегациясы кайыктар менен сүзүп […]

Сизге жагышы мүмкүн